Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Флористтин гүл тандоодогу кеңеши

Маданият
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
520
Кызыл роза сүйүүнүн символу болуп саналат.
Ак роза расмий түрдө сүйүүнү билдирүүнүн белгиси.
Сары роза — бул ажырашуунун белгиси. Кээ бир адамдар түгөйү менен акыркы жолугушууга барганда сары розадан көтөрө кетишет. Айрым учурда кайрадан кечирим сурагандын да белгиси болуп кетет. 
Ак жана кызыл розалардан жасалган букеттер гармониялык сезимди, бекем достукту билдирет. 
Жалгыз роза сени гана, сен менин жалгызымсың дегенди түшүндүрөт. Үч роза — достуктун, аруу сезимдин символу.  Жети роза — үй-бүлөлүк бактылуулуктун белгиси.  13 роза — жамандыктын белгиси. Мынча гүлдү жаман көргөн, ылым санабаган адамга беришет. Этикетти билбегендер үчүн кулакка күмүш сырга.
101 розаны үйлөнүү тоюнда сүйүктүүлөрүнө арнашат же үлпөт тойдо белекке беришет. 
Улуу муундагы адамдардын жакшылык кечелерине себеттеги же атайын идиштеги гүлдөрдү берсеңиз туура болот. Мындай гүлдөрдү спектакль, кино бүткөндө каармандарга тапшыруу да оң. 
Кимдир-бирөөнүн жакшылыгына барганда гүлдү ал үйдүн кожейкесине тапшырышыңыз керек. Эгерде ал үйдүн кожоюнунун өздүк майрамы болуп жатса кеп башка. 
 Эгерде мырзалар кыздын үйүнө туугандары менен таанышканы бара жатса, эки башка гүл көтөрө барат. Бири сүйүктүүсүнө, экинчиси болочок кайненесине тапшырылат.
Эгерде кыз баланын ата-энеси менен таанышканы бара жатса, атайын идиште отургузулган бөлмө гүлдөрүнөн алып баруу сунушталат. Гүлдү сол кол менен кармап, оң кол менен тапшырууну унутпаңыз. 

Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.