Курс НБ на 07.07.2020 $77,2200 €87,1891

«Эл укпасын» тасмасын көрүп кетиңиздер!

Маданият
11 - Май 2017
www.erkintoo.kg
1299
11-майдан тарта Кыргызстандагы бардык кинотеарларда «Эл укпасын» деген аталыштагы тасма көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди. Анын айтымында, тасманын бет ачаары «Манас» кинотеатрында өткөрүлгөн. Тасмада башкы каармандар Дастан менен Жамилянын ортосунда болгон окуя баяндалат. «Сюжет боюнча Кореяда иштеп жана окуп жаткан 27 жаштагы Дастан ата-энесинин өтүнүчү менен таз арада бир айга Кыргызстандагы үйүнө учуп келет. Таэквандо боюнча кара курдун ээси 24 жаштагы Жамиля маанилүү мелдешке аябай даярданып жаткан болот. Алардын ортосунда бир нерседен башка эч нерсе жок болчу. Аларды бала кезде ата-энеси салтка ылайык кудалашып коюшкан.  Бирок карьерист Дастан менен өзүм билем болгон Жамиля бири бирин жек көрүшөт. Жагдайды Жамийланы ала качмак болгон Тыкы күчөтүп жиберет.  Башы ролдорго: Мурат Мамбетов, Асылбек Өзүбеков, Гульмира Турсунбаева, Таалайкан Абазова, Эркин Эгембердиев, Таазим Уметалиева жана башкалар тартылган.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.