Курс НБ на 23.06.2018 $68,2440 €79,6305

Эки жылдыз дуэт жаздырышты

Маданият
20 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
130
«Город 312» тобунун солисти, биздин мекендешибиз Светлана Назаренко (Ая), КРнын Эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева менен биргеликте “Дарак ыры”  деп аталган киного саундрек жаздырышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.  Ырды жаздыруу жана клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүргүзүлгөн. 28-февралда “Манас” кинотеатрында өтүүчү “Дарак ыры” тасмасынын бет ачарына эки ырчынын катышуусу күтүлүүдө. Эске салсак,   “Дарак ыры” тасмасы кыргызстандык “Централ Азия Фильм” жана россиялык “Синетрейн” компаниялары менен биргеликте тартылды. Сценарийдин автору жана режиссеру Айбек Дайырбеков. Тасма 1-марттан тарта көрүүчүлөргө тартууланат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.