Курс НБ на 19.10.2018 $69,3251 €79,3703

"Дүйнө Aйтматовду окуйт"

Маданият
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
53
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан "Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Жапония, Кытай, Орусия,  Тажикстан, Израил жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары  катышты. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду. Тбилисидеги А.Грибоедов атындагы орус драм театрынын артисттери “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. “Кыямат” романынан үзүндүсү грузин тилинде окулду.  Буга улай, чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктарга ошол өлкөнүн тилинде үзүндүлөрдү окуу уланууда.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу