Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Депутаттар акындын ырларын окушту

Маданият
03 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
72
1- апрель  акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Бул күнгө байланыштуу поэзия сүйүүчүлөр 2-апрелде "Парламент" радиосунун түз эфиринде акындын ыр саптарынан көркөм окуп беришти. Студияда мейманда: ЖК депутаттары Т.Икрамов,Э.Токтошев, белгилүү акын А.Акбаров, ЖК Аппаратынын кызматкерлери И.Нуракун уулу, С.Бараканова жана жалпы эле акындын чыгармачылыгын барктаган жана аны жакындан тааныган өкүлдөр болушту. Депутат Тазабек Икрамов акындын "Издейм сени", ал эми депутат Э.Токтошев "Ата журт" аталышындагы ырларын окуп беришти. Акындын калемине таандык Издейм сени чыгармасы канча жылдан бери  угармандардын жүрөгүнөн түнөк таап келет.
"Издейм сени" ыры
Тексти – Жолон Мамытов; обону - Рыспай Абдыкадыровдуку.
 
Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.
 
Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.
 
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.
 
Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.