Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

“Делбирим” эки тилде көрөрмандарга сунушталат

Маданият
11 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
105
Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде кыргыз-өзбек тасмасы тартылат. Съемка 20-июнда башталат. Башкы каармандар Ильястын ролуна өзбек актеру Адис Ражапов тартылса, Байтемирдин образын Улукбек Кадыров чагылдырат. Ал эми Аселдин ролун бир топ кинолордун жүзү болуп келген Элина Абай кызы жаратат.  Тасма Ташкенттеги ашууда жана Балыкчы шаарында тартылат. Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калганы менен, кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай баяндалат. Фильмдин бет ачары быйыл Айтматовдун туулганын күнүндө  -  12-декабрда болот.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу