Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

​"Чыңгызхандын ак булуту" повестинин негизинде тасма тартылат

Маданият
03 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
95
Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романына кошумча катары чыккан "Чыңгызхандын ак булуту" повестинин негизинде тартыла турган тасманы атактуу сербиялык кинорежиссер Эмир Кустурица жарата тургандыгын tass.ru жазып чыкты.  Режиссер тасманы 2020-жылы чыга тургандыгын билдирген.
"Менде Чыңгызхан тууралуу кино тартуу идеясы бар. Бул жерде жана батышта эч ким жактырбаган адам кандай киши болгону тууралуу чоң тасма болот. Тасма кийинки жылы чыгат", - деген Железноводсктогу (Россия) кинофестивалга катышып жаткан режиссер. Эмир Кустурица – сербиялык кинорежиссер, сценариист жана музыкант катары белгилүү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу