Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

Чыгыш поэзиясы жана адабияты күнү

Маданият
25 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
104
 5-апрелден тарта Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде өтүп жаткан “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсүндө, бүгүн, 24-апрель “Чыгыш поэзиясы жана адабияты” күнү белгиленүүдө.
     Күндүн программасына көз чаптырсак: кинозалда ата-энелер жана балдар үчүн лекциялар, окуучулардын аткаруусундагы театралдык көрүнүш жана  “Жибек Жолу” сурөт конкурсунун катышуучуларын сыйлоо аземи болуп жатат. Ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик балдар адабиятына  арналган мультфильмдер көрсөтүлдү.
       Ал эми интерактивдүү зонада: “Хан таламай”, “Беш таш”, “Тогуз коргоол” жана башка оюндарды үйрөтүүчү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле “Эбру” суу үстүнө сүрөт тартуу жана “Граттаж” сүрөт тартуу текникалары  көрсөтүлмөкчү.
     Музейдин фойесинде китеп дүкөндөрү тарабынан жаш балдар жана чоңдор үчүн китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.
   Баса белгилеп кетчү нерсе, кечки программаларында Кыргыз Эл акындары: Кыялбек Урманбетов, Баяс Турал, Кубанычбек Басылбекдордун катышуусунда поэзия кечеси болуп өтмөк.
Бегимай Арстанбекова, практикант


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу