Курс НБ на 16.10.2019 $69,8500 €77,0865

Чубак Сатаев атындагы маданият үйү оңдолду

Маданият
24 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
36
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылындагы Чубак Сатаев атындагы маданият үйү толук оңдоп түзөөдөн өттү. Эскерте кетсек, аталган маданият үйү советтер союзу учурунда салынып, кийин өрттөнүп кеткендигине  байланыштуу имарат пайдаланылбай турган. Эки жыл мурун түрткү берүүчү  гранттын эсебинен атайын каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери башталган. Бирок каржы тартыштыгынан улам ички жасалгасы жана жабдуулары жок болуп иштетилбей турган. Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен маданият үйүнүн отургучтары толугу менен коюлуп, керектүү жабдуулар менен жабдылды. Айыл тургундары эл аралык уюмдарга ыраазчылыктарын билдирүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу