Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республиксынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди

Маданият
29 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
41

 Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жаштыр сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.

Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

Сыйлыктын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.

Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат. 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу