Курс НБ на 25.09.2018 $69,0754 €81,2361

Чолпон Тентиева жаңы кызматка келди

Маданият
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
260
Чолпон Тентиева КРнын Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды. Буйрукка Маданият министри Султан Жумагулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Чолпон Тентиева 1981-жылы туулган. 2017-жылы “Таза Коом” долбоорунда көз карандысыз эксперт, 2016-жылы “Сорос-Кыргызстан” -PR багытында адис, “Эмен Багы” көркөм сүрөт көргөзмө залында –директор, Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде бөлүм башчы ж.б башкаруу кызматтарда эмгектенген. Ал Кыргыз Улуттук курулуш, транспорт жана архитектура жогорку окуу жайынан “Тарых жана сүрөт искусство теориясы” багытында билим алган жана аспирантурада окуган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.