Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Чокморовдун эстелиги алмаштырылышы мүмкүн

Маданият
29 - Март 2018
www.erkintoo.kg
125
Сүймөнкул Чокморовдун 3 миллион сомго жасалган айкели кайрадан алмаштырылышы мүмкүн. Анткени, эстелик актердун өзүнө дээрлик окшош эмес. Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондунун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдиргендей, айкелге байланыштуу коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерден улам аны алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми эстеликти жасоого скульптор менен 3 миллион сомго келишим түзүлүп, ал өткөн жылдын ноябрында расмий ачылган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.