Курс НБ на 30.05.2020 $73,7678 €82,0114

​Чокморовдун 80 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Маданият
16 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
174
Кечээ Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Бул туурасында Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду кабарлады. Маалыматка ылайык,  "Эсимде" деген аталыштагы  көргөзмө Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Иш-чара актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен өткөрүлүп жатат.  Көргөзмөдө Чокморов тарткан сүрөттөр жана архивдик сүрөттөр коюлган. 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.