Курс НБ на 19.03.2019 $69,7627 €79,2051

“Ч.Айтматовдун каармандары Бишкек шаарында” аттуу окуучулардын жүрүшү ѳттү

Маданият
12 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
128
11-декабрында Бишкек шаарынын окуучулары  Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ч.Айтматовдун каармандары Бишкек шаарында” аттуу  жүрүш уюштурушту. Иш-чаранын алкагында карылар үчүн үй интернатына жана Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу баш калкалоо жайына барып Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып беришти. Балдар “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу” чыгармаларынан аткарып жана көркөм окуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскеришти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.