Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Болотбек Шамшиев ТҮРКСОЙдун Алтын медалын алды

Маданият
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
431
Кыргызстандын жана СССРдин эл артиси Болотбек Шамшиевге ТҮРКСОЙдун Алтын медалы ыйгарылгандыгын  бүгүн Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев кабарлады.
Кожогелди Кулуевдин айтымында, ТҮРКСОЙдун эң барктуу сыйлыгын ыйгаруу чечими Болотбек Шамшиевдин Түрк дүйнөсүнүн кино тармагындагы опол тоодой чыгармачылык эмгегин эске алуу менен жана айкалышып келген – өзүнүн 75 жаш, Кыргыз киносунун 75 жылдык мааракелеринин урматына кабыл алынды.  Алтын медалды  Болотбек Шамшиевге 17-ноябрь күнү Кыргыз киносунун 75 жылдык мааракелик салтанатында ТҮРКСОЙ Баш катчысы Дуйсен Касеинов өзү келип тапшырат,- делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.