Курс НБ на 21.11.2019 $69,8500 €77,2506

Бишкекте Кыргыз жана Япония өлкөлөрүнүн маданий фестивалы өтөт

Маданият
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
164
25-майда Бишкекте Кыргыз жана Япония өлкөлөрүнүн “Сацуки Мацури” достук маданий фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.  Фестивалда Япониянын салты, маданияты жана искусствосу менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Катышуучулар оригами (кагаздан түрдүү фигураларды жасоо) менен алектенип, япон оюндарын ойноп, улуттук кийимдерди кие алышат. Ошондой эле чай ичүү салтанаты өтүп, япон ашканасынан тамактар жасалат. Иш-чара Кыргыз-Япон борборунда болот.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.