Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Бишкекте комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгы белгиленет

Маданият
09 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
89

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкектеги Токтогул атындагы адабият жана искусство музейинде белгилүү комузчу Ыбырай Тумановдун 130 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, маданий иш-чара 9-октябрда саат 10:00дө башталат.

Көргөзмө Бишкек шаарынын мемориалдык музейлер бирикмесинин дирекциясы жана Токтогул атындагы адабият жана искусство музейи тарабынан уюштурулууда.

Иш-чарага бир катар маданий ишмерлер менен музыкалык окуу жайлардын студенттери катышат.

Көргөзмө 25-октябрга чейин уланмакчы.

Залкар комузчу Ыбырай Туманов Кыргыз ССРинин эл артисти. 1888-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында туулган. Ал жети жашынан тарта комузда кол ойното баштаган.

Москвада өткөн кыргыз маданиятынын 1939 жана 1958-жылдары өткөн декадасына катышкан.

1939-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөсү, 1951-жылы "Ардак белги" жана "Эмгек кызыл туу" ордени менен сыйланган.





 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу