Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Бишкекте “Эне тил жана Айтматов” аттуу адабий кече өттү

Маданият
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
147
25-сентябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес факультетинде Мамлекеттик тил күнү жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Эне тил жана Айтматов” аттуу адабий кече болуп, иш-чарага мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев менен факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гулмира Осмоналиева катышты.
 Жыйынды факультет деканы Мээрим Керимкулова ачып, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев куттуктоо сөзүн айтты. Майрамдык кечеде акындардын ырлары көркөм окулуп, ыр, бийлер аткарылды. Өзгөчө 1-курс студенти Улушбеков Азатбек аткарган “Майсалбектин каты” сценкасы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Иш-чаранын жүрүшүндө о.э. студенттерди кызыктыруу максатында Айтматовдун чыгармалары боюнча викторина өткөрүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу