Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Бишкекте «Ала-Тоо жазы - 2017» республикалык фестивалы өттү

Маданият
19 - Май 2017
www.erkintoo.kg
502
Фестиваль премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен "Ыйман адеп жана маданият" жылына карата бекитилген пландын негизинде өткөрүлдү.  Ага 22 жогорку окуу жайдын студенттери катышты. «Ала-Тоо жазы - 2017» фестивалынын байге фонду 1 миллион сомду түзүп, гала концерттин жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду.  Фестивалда гран-при сыйлыгына Бишкек шаарындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери, биринчи орунга Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Курулуш, транспорт жана архитектура университети, 2-орунга Бишкек гуманитардык университети, Талас мамлекеттик университети жана Ош мамлекеттик университети ээ болушту. 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.