Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Бишкекте «Айтматов дүйнөсү” шаардык сынагы ѳткѳрүлдү

Маданият
07 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
39
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан улуу  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Айтматов дүйнөсү” шаардык сынагы өткөрүлдү. Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын чыгармачыл жамааттары катышты. Иш-чараны № 4 балдар искусство мектебинин окуучулары ыр-бий менен баштап, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Сынактын катышуучулары жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча дубал гезиттерди даярдап, чыгармалардан сахналаштырган үзүндүлөрдү көрсөтүп, топ башчылары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча суроолорго жооп беришти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу