Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

Бүгүн Саякбай Каралаевдин туулган күнү

Маданият
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
739
Мындан 122 жыл мурун1894-жылы 7-сентябрда Манасчы Саякбай Каралаев Ысык-Көл областына караштуу Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген. 1918-жылдан тарта Манас айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн. Айтылуу манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда 75 жаш курагында каза болгон. 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.