Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Бүгүн Ошко эмне келген жоксуң?..

Маданият
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
777
300 миңге жакын калкы бар Ош шаары бүгүн өзүнүн 3016 жылдыгын белгилеп жатат. Шаардын күнүн белгилөөгө биринчи-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары катышууда. Майрамга 5 өлкөдөн 24 делегация келгендиги да айтылууда.
Ал эми Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн түштүк борбордун тургундарын шаардын күнү менен куттуктады.
Кошумчаласак, Борбор Азиядагы эле эмес, дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири эсептелген Оштун 3000 жылдыгы 2000-жылы 5-октябрда белгиленген. Ошондон бери 5-октябрь жыл сайын Ош шаарынын күнү катары майрамдалат. Белгилей кетээрибиз – зыяратчылардын экинчи Меккесине айланган Оштун чок ортосундагы Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын дүйнөлүк тизмесине киргизилип, эл аралык коргоого алынган.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.