Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Бүгүн Бакен Кыдыкееванын туулган күнү

Маданият
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
64
Ал 1923-жылы, 20-октябрда Төкөлдөш айылында, азыркы Бишкек шаары туулган – 1993-жылы 30-декабрда, Бишкекте жол кырсыгынан көз жумган. Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдыңкы катарында турган улуу актриса. Мугалимдин үй-бүлөсүнөн тарбия алган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. 1941-жылы Каракол драма театрында, 1942-43-жылдары Нарын театрында, 1944-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист. 1990-1993-жылдары Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) иштеген. Ысымы кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) берилген (2000-жыл). Токмок шаарында эстелиги коюлган. Чүй облусу республиканын театрларынын мыкты актрисаларынын эмгектери үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык уюштурган. Драматург Ж.Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жөнүндө "Талант жана тагдыр" деген драма жазып, ал 2004-жылы Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз республикалык жаш жеткинчектер театрында (ТЮЗ) коюлган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу