Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Бүгүн, 5-октябрда Стокгольм шаарында химия боюнча 2016-жылдын Нобель сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды

Маданият
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
617
108-ирет берилүүчү сыйлык молекулярдык машиналарды долбоорлоп жана синтездегендиктери үчүн Жан-Пьер Саважка, сэр Фрезер Стоддартка жана Бернард Ферингге ыйгарылды.Өткөн жылы химия боюнча Нобель сыйлыгын ДНКалардын репарациялык механизмин изилдегендиги үчүн Томас Линдаль, Пол Модрич жана Азиз Санжар алышкан.
Ал эми 3-октябрда физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы япон биологу Ёсинори Осумиге берилди.
Кошумчаласак, Нобель сыйлыктары лауреаттарга 2016-жылдын 5-10-декабрында Стокгольмдо тапшырылат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.