Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Бегим Кыргызстандын намысын коргойт

Маданият
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
591
6-29-октябрда Филиппиндин борбору Манила шаарында “Жер шарынын сулуусу – 2016” эл аралык сынагы өткөрүлөт жана ага алгач ирет Кыргызстандын өкүлү, 19 жаштагы Бегим Алмасбекова катышат. Кыргызстандын вице-сулуусу Бегим эртең, 5-октябрда Маниланы карай сапарга аттанат.
 
Кошумчаласак, 2001-жылдын 28-октябрынан бери БУУнун эгидасы алдында өткөрүлүп келе жаткан бул сынак эң эле популярдуу дүйнөлүк сынактардын бири болуп саналат. Өткөн жылы сынакта биринчи орунду филиппиндик сулуу Анхелия Онг жеңип алган. Ал эми 2001-жылдагы алгачкы сынактын баш байгеси Даниянын сулуусу Катарина Свенсонго ыйгарылган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.