Курс НБ на 21.08.2018 $69,4557 €79,1552

Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги тургузулду

Маданият
20 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
204
СССРдин эл артисти, Кыргыздын тунгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги ачылды. Эстелик анын атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин алдында тургузулуп, кече 19-октябрда ачылыш аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын эмгек жамааты, маданият кызматкерлери, Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбөй Казаков катышты. Эстеликтин ачылышы окуу жайдын 50 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп жаткан бир нече иш-чаранын бири экенин окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов билдирди. Эстеликтин автору, Кыргыз эл сүрөтчүсү, профессор Сардарбек Ажиев.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.