Курс НБ на 16.08.2018 $69,4905 €78,7084

Балет жылдызы Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Маданият
06 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
184
Орто Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси өзү эмгектенген А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында  4-февралда болуп өттү. Кечеге Ч. Базарбаев атындагы Хареографиялык окуу жайдын окуучулары, Мамлекеттик Нурдин Түгөлөв атындагы “Ак-Марал” бий ансамблинин бийчилери ж.б. таланттуу балет искусствосунун жаш чеберлери катышты. Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1966-жылдан баштап, Кыргыз опера жана балет театрынын Москвадагы жана Ленинграддагы гастролдоруна чыга баштаган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хароеграфиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жылына балет классикасынын отуздан ашык спектакльдерин ойночу. Алардын ичинен эң оор образдар: П.И. Чайковскийдин "Ак куу көлү", А. Адандын "Жизель", У. Мусаевдин "Томирис", Петрушканын "Петрушка" ж.б. болду. 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.