Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Балдарга арнап чыгарма жазгыла!

Маданият
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
507
Балдарга  арналып  жазылган мыкты чыгармаларга сынак жарыялангандыгы тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат таратты. Чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек. Сынакка мектепке чейинки, кенже, орто, улуу мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн чыгармалар эң мыкты поэзия чыгарма (китеп), эң мыкты проза (китеп) жана адабий чыгармалардын кыргыз тилине эң мыкты котормосу деген  үч номинация боюнча кабыл алынат. Сынакка чыгармалар 1-апрелге чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинде кабыл алынып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар  1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.