Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Балдар үчүн "Акылтай" журналы жарык көрдү

Маданият
18 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
47

Кыргызстанда "Акылтай" деп аталган балдар журналы чыкканы тууралуу анын башкы редактору Айша Курбанова билдирди.

"Балдар журналы кыргыз жана орус тилдеринде ай сайын чыгат. Ал кенже класстардын окуучуларына ылайыкталган. Ичинде ыр-жомоктордон сырткары, кичинекейлерди тапкычтыкка тарбиялаган ар кандай оюндар, баш катырмалар, сканворддор бар",-деди ал.

Курбанова журналда Кыргызстандын керемет жерлери жөнүндө сүрөт коштогон маалыматтар жайгаштырылгандыгын, аны ар бир санда айтып бере тургандыктарын кошумчалады.

 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу