Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

“Атанын керээзи”, “Аманат” – кыргыз менен казак өзүн кыйын сезеби?..

Маданият
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
817
Казакстандык кинорежиссер Сатыбалды Нарымбетовдун “Аманат” кинотасмасы “Оскар” сыйлыгына сунушталууда. Бул тарыхый драма он тогузунчу кылымда Орусия падышалыгына баш ийүүдөн баш тарткан Кененсарынын жетегиндеги көтөрүлүш тууралуу илимий тыянактарды чыгаргандыгы үчүн репрессияланып кеткен тарыхчы Ермухан Бекмахановдун тагдырына арналган.
"Казакфильм" киностудиясында тартылган “Аманат” тасмасы быйыл май айынан бери Казакстандын кинотеатрларында кеңири көрсөтүлүүдө. Фильмге тартылгандардын арасында кыргыздын белгилүү киноактеру, маркум Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев да бар.
Кошумчаласак, Кыргызстан “Оскар” сыйлыгына Бакыт Мукулдун “Атанын керези” көркөм тасмасын сунуштоодо. Бул кыргызстандыктар “Оскарга” көрсөтүп жаткан экинчи тасма – буга чейин “Курманжан датка” фильми сыйлыкка жакындатылган эмес.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.