Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

“Атантайды ыйлаткан менин ырым...”

Маданият
07 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
591
- Чыгармачылыкка койгон кадамың...
- Башка чыгармачыл инсандардай эле мен дагы жаштайыман эле чыгармачылык менен алектенип жүрдүм. Мектепте окуп жүргөнүмдө майрамдык иш-чараларда, маселен, 8-мартта, 1-майда, 7-ноябрда менин жазган ырларым декламация катары окулуп, мен жазган интермедиялар коюлчу.
Ал мезгилде жогорку класстын окуучулары пахта, тамеки тергени барчубуз. Ошондо 8-класста: Ала-була жоолуктарды салынып,
Тамекинин сабагына чалынып,
Түйшүк тартып, кара терге малынып,
Биз жүрөбүз ата-энени сагынып.
Кайдасыңар, биз сагынган апалар, –
деген сыяктуу ырларды жазып, аны обонго салып, хор ырдачубуз.
- Кесипти кантип тандап калдың?
- Мен онунчу классты аяктаган мезгилде “Сен кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшыр, сөзсүз өтөсүң”, – деп кыргыз тили жана адабиятынан берген Мамасалы деген агайым өзү алып келип, Ош педагогикалык институтунун филология факультетине тапшыртып, ар бир экзаменден кийин келип кабар алып турар эле. Арбагы ыраазы болсун агайымдын, жакшы окуган кыз жолдо калбасын деген го...
Институтта окуп жүргөндө да пахтага бардык. 1-курстун студенттери элек.Күндүз иштеп, кечинде ар кандай кечелерди уюштурчубуз. Ошондо мен жамгыр жөнүндө ыр окудум. Атантай экөөбүз бир тайпада окучубуз. Эртеси ал менден:
- Кечээ окуган ыр өзүңдүкүбү? – деп сурады.
- Жок, Уулбек деген группалаш кыздын ыры, – деп жооп бердим.
Ошондо Атантай менин чынчылдыгымды жактырып калыптыр.
Ошол кечеде көпчүлүк студенттер ырларын, аңгемелерин окушту. Байкап көрсөм, мен эми гана салттуу ыр жазганды өздөштүрүп баштагам. Атантай менден айырмаланып, эркин ыр, ак ыр жазып, адабияттык даярдыгы жогору экен. Атантайдын деңгээлине жетиш үчүн көп эмгектенүү керектигин билип, ыр жазганды токтотком. Туура эмес кылыптырмын. Баары бир чыгармачылык дарамет деген “тынч жатпайт” экен. Кайсыл мезгил болбосун оргуп чыгат тура.
- Качантан баштап обон чыгара баштадың?
- Бир жолу Атантай уулум менен Чаткалга кеткен. Анда биздин эл катары соода-сатык кылчу күркөбүз бар эле. Ошол жерде жалгыз отуруп, мурдатан эсиме “кылт” этип келе калчу кайрыктарды бири-бирине улап, бир бүтүн обон жаратып алдым. Анан Атантайдын “Кудайга кат” деген китебин барактап отуруп, андагы “Сен” деген ырына обонум төп келип калды.
Атантай келгенде ырдап берсем: “Сени акчаны гана жакшы көргөн адам деп ойлоп жүрсөм, жүрөгүң назик чыгармачыл турбайсыңбы!” – деп көзүнө жаш алды. Анан “Атантайды ыйлаткан менин ырым жакшы эле экен го” деп ойлоп калдым.
Алгачкы обонумду Абидин Темировго ырдап берип, ага да жагып, ал оранжировкасын жазып, анан мени Улукмырза Полотовдон сабак алуумду сунуштады.
Улукмырза агайдан ырдоонун техникаларын бир аз үйрөндүм. Ошондо агай:
- Канча жаштасың? – деп сурады. Мен “кеч болуп калыптыр” дейт го деп чочулап:
- Отуз сегизде, – дедим үнүмдү акырын чыгарып.
Агай унчукпай калды.
- Эмнеге сурадыңыз? Кеч болуп калдыбы? – дедим тынчсызданып.
- Жо-ок. Адамдын үнү кырк жашында калыптанат. Кеч эмес. Дагы жакшы отуз сегиз жашыңда обон жаратыпсың. Алтымышка чыкканда обон чыгарсаң кантет элең, – деп тамашалап күлдү.
Бирок башка жумуштар менен алектенип жүрүп, элүү жашка чыкканда өзүмдүн ырларымды ырдап чыктым.
“Сен” деген ырымды жаш таланттуу ырчы Эллада Асылбекова көп жылдардан бери аткарат. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева оркестр менен ырдайт. “Ырдайлы кыргыз ырларын” теледолбоорунун ырчысы, орус улутундагы Сергей Демидов дагы ошол ырды жактырып, 2017-жылдагы концертте ырдап чыкты. Азыркы мезгилде 4-5 ырга клип тарттырып, Ютубга жайгаштырып койгом. Сөзү Э.Тезекбаевага, обону өзүмө таандык “Сага” деген ырымды кубалык жигит Yosleydi Alvarado экөөбүз кыргызча, испанча ырдадык.
- Балдарыңдан чыгармачылыкка кызыккандары барбы?
- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эки жолу Атантай экөөбүздүн чыгармачылык кечебизди өткөрдүк. Ошондо ырларымды көркөм окуп, обондорумду өзүм, Атантай менен ырдадым. Алсак, сөзү жана обону өзүмө таандык “Жоогазын гүлүм” деген ырымды неберем Касиет экөөбүз аткарып, кичинекей неберелерим Саадат менен Канайым бий менен коштоду. Эл абдан жакшы кабыл алды. Неберең менен дуэт ырдаган деле бакыт экен. Ал эми “Апакем ай” деген ырды кызым өзү ырдап, телевидениеден чыгып жүрөт. Ошентип, чыгармачылыкка кызыккан неберелерим үчүн балдар ырларын жазып, оранжировкалатып, клиптерин тарттырып, телерадиого берип көмөктөшүп келатам.
- Обондуу ырлардан сырткары китеп жазып да келатасың?
- Ооба, “Кылмышкер аял”, “Кандуу үч бурчтук” деген рынокко ылайык китептерди жазып, ал бат эле сатылып кеткен.
Балдарга арналган “Ойнок менен Мойнок” деген китебим 2009-жылы жарык көрүп, 2016-жылы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан кыргыз, орус, немис тилдеринде чыгарылып, мектептерге таратылды.
2013-жылы апам Аширбү дүйнөдөн кайтып, анын жылдыгына карата “Аширбү” деген повесть-эссемди китеп кылып чыгардым. Чыгармачылыкта дагы ар кандай кырдаалдарга туш келесиң. Апам жашында жетим калып, жетимдиктин азабын көп тарткан.
Бир жолу жаш кезде “апа, өмүр баяныңызды айтып берсеңиз, мен кийин сиз жөнүндө китеп жазам” – деп сурап алгам.
Апам өмүр жолун тизмектеп айтып отурган.
...9 жашка чыкканда таенем катуу оорудан кайтыш болуп калыптыр. Жаш кызатала жасап, анан чөп оруп аткан акелерине алып баратып, кууш өтмөктөн кулап сууга агып кетиптир. Эсине келсе, суунун жээгинде жатыптыр.
Көрсө, аркы бетте иштеп жаткан улуу агасы Акматалы эрбеңдеп келаткан карындашын көрүп, алдынан тосо чуркап, аны сактап калыптыр...
Окуянын ушул жерине келгенде, апам унчукпай калды да, ичип жаткан чайын таштап эле төркү бөлмөгө кирип кетти. Бир убакта эмне болду дегенчелик баш багып:
- Апа, чайыңызды ичпедиңиз го? – десем, үн каткан жок.
Күн бою сүйлөбөй койду. Мен да тынчын албадым.
Эртеси өзү ачылып сүйлөп калды.
- Эмнеге унчукпай калдыңыз, апа, оорудуңузбу, – десем:
- Ошондо өлүп эле калбай... –апам буулугуп ыйлап жиберди.
- Коюңузчу апа, качанкы окуяларды эстеп деле ыйлай бересизби? – дедим.
- Андан кийин кандай гана азаптарды көрдүм. Жалгыз сиңдимден айрылдым... Апам ыйлай берди, апамды кучактап мен да ыйладым.
Апамдын өмүр жолун китеп кылып жаздым. Жетим кыздын образын ачуу үчүн башка жетимдердин окуялары дагы жуурулушуп кетти. Китеп чыкканда бир тууган тайкем – Рахманалы тирүү болчу.
- Сен бизди өтө кыйналган деп жазыпсың, биз анчалык кыйналган эмеспиз, жакшы эле жашаганбыз, – депкапа болду.
- Тайке, бул эми чыгарма да, –деп актандым.
Дагы бир кызыгы китепти жазып жатканда Атантай:
- Кайсы жерине келдиң, кантип атасың, – деп кызыгып сурады.
- Атам терс каарман болуп атат, – дедим.
- Эмнеге?!
- Азап чеккен жетим кыздын образын ачуу үчүн...
- Кой, антпе. Атамды терс каарман кылып койсоң, Аширбүдөн мурда эле өлүп калбай деп, атам жаман болот, өлүп калат, – деп абдан безеленди.
Мен тамашалап койгом. Андай деле эмес болчу.
Китеп чыкканда атам көзү көрбөсө да, биринчилерден болуп неберелерине окутту. Анан:
- Бул китепти апаң көзү тирүү кезинде чыгарсаң болмок экен балам, китептин деми менен дагы биртке жашайт беле, – деп арман кылды. Ал арман менде да калган эле.Биз пенделер өлбөй тургансып, баарын эртеңкиге жылдырып жүрө берет экенбиз. Өмүр деген токтоп турбайт тура. Атантай жазмакчы:
“Бүгүн көргөн эртең жок,
Дүйнө ошондой тоголок!”
Азыр дагы көркөм чыгармаларымды даярдап жатам. Буюрса, жакында чыгарам.
- Үй-бүлөң жөнүндө айтып берсең?
- Атантай экөөбүз үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Алар азыр өз алдынча. Чоң эне, таене болгом. Кудайга шүгүр. Эми неберелериме тарбия берейин, балдарга көмөктөшөйүн деп жүрөм. Өзүмө ата-энемден сиңген кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын неберелериме үйрөтүшүм парз деп ойлойм. Кыргыз баласы биринчи кезекте кыргыз болушу, андан кийин гана башка элдердин маданиятын, тилин өздөштүрүшү керек эмеспи.
- Мамлекеттик кызматтарды да аркалап келатасың?
- Азыркы мезгилде Кыргызпатентте эмгектенем.
Эмгек жолумду Чаткал районундагы “Чаткал оттору” гезитинде иштөө менен баштагам. Гезит-журналдарда иштедим. Өзүң билгендей “Эркин Тоо” гезитинде да иштеп кетпедимби.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда иштеп жүргөндө “Иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү” китебинин авторлошу болуп, электр энергиясына акы төлөнүүчү дүмүрчөктү кыргызчалагам. Эмгегим бааланып, Тил комиссиянын төш белгиси менен сыйлангам.
- Өткөн жылы айылыңдын ардактуу атуулу болгонуңду социалдык тармактардан көрүп калдык. Наамды чыгармачылыкка байланыштуу бериштиби?
- Ооба. Чыгармачылыкка байланыштуу. Өзүм төрөлүп-өскөн Ничке-Сай айылындагы С.Кадыров атындагы мектеп СССР кулаганы жарымы бүтүп, жарымы бүтпөй калган. 2013-жылы мектепке барып ал-ахыбалы менен таанышып, айылдын тургундарынан керектүү инстанцияларга кат жаздырып, өзүмдүн атымдан дагы кат жазып, баарын тиркеп, тиешелүү мекемелерге жөнөтүп, мектепти салып жаткан курулуш бригадасы менен түздөн-түз байланышып, мектептин толук кандуу бүтүшүнө салым кошком. Мен жөнөткөн каттар, Өкмөттөн, Мамкурулуштан мага келген жооп каттар менде сакталып турат. Жердештерим ошону дагы эске алышты окшойт.
- Чыгармачылык кечеңерге казак акындары, ырчылары да келишти эле?
- Казак, азербайжан, өзбек, түрк ж.б. элдин акындары жана ырчылары менен чыгармачылык байланыштабыз. Кечебизде казак акындары А.Акбаровдун ырларын казак тилинде окушту. Мага чыгармачылыктагы ийгиликтери жана эки элдин ортосундагы достукту бекемдегени үчүн деп эл аралык Шолохов атындагы сыйлыгын тапшырышты.
Ошол эле жылы казак досторубуз - Казакстандын эмгек сиңирген артисттери Донедил Кажымов менен Гүлнар Даукеновалар Оралга чакырып, ошол жакта чыгармачылык кечебизди уюштуруп беришти.
Биз дагы, буюрса, быйыл Бишкекте казак досторубуз менен иш-чара өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.
 
Жээнбүбү Тукендерова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу