Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Асанкалый Керимбаевдин 69 жашке чыкмак

Маданият
07 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
159
Бүгүн, 7-февралда обончу, ырчы, кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаевдин  туулган күнү.  Анын көзү тирүү болсо бүгүн 69 жашка чыкмак. Асанкалый Керимбаев кыргыз маданиятына  жүрөктү дирилдеткен обондорун тартуулап кеткен. Ал Жалал-Абад облусунун  Аксы районунун Иринжит айылында 1950-жылы 7-февралда туулуп, 1999-жылы каза болгон. Акын Омор Султановдун сөзүнө жазган “Ак булуттар” деген ыры ырдалып калың журттун жүрөгүнөн түнөк таап келатканына кырк беш жылдан ашты. Ал жүзгө жакын обондун автору.  Анын «Муңдашым мунар кайдасың», «Кусалык», «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат», «Сулуулар», «Ак булуттар» жана башка ондогон обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу