Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Антон Чеховдун каты 3,6 млн. рублге сатылды

Маданият
04 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
502
Антон Чеховдун 23 жашында жазган каты аукционго коюлуп  3,6 млн. рублге сатылды. Мындай маалыматты РИА Новости  кабарлады. Сатып алуучулар  Чеховдун үй-бүлөлүк катташтагы досу Гавриил Кравцовго жазган катына кызыкдар болушкан. Ал Чеховдун алгачкы  китеби чыгардан мурда жазылган кат болгон. Анда автор өзүнүн бир нече псевдонимдерин калтырган. Башында каттар  2,1 миллион сомго бааланып, акырында 3,6 миллион рублге чейин жеткен. Коллекциячылардын кызыгуусун арттырган Чеховдун 1884-жылы чыккан "Сказки Мельпомены. Шесть рассказов" аттуу алгачкы аңгемеси болду. Бул  1,8 миллион рублге бааланган. Башында  600 миң сом деп бааланган. Маалыматтарга караганда, Чеховдун кол тамгалары коюлган китептерин сатып алып кетишкен.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.