Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Анкарада Куран китеби кыргызча басылып чыкты

Маданият
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
611
Анкарада Куран китеби кыргыз тилинде 2016-жылдын аягында басылып чыгып, Кыргызстанга азырынча анын бир нече нускасы алып келинди. Мындай маалыматты Spitnik Кыргызстан агенттигине ОшМУнун Теология факультетинин окутуучусу, доцент Тимур Козукулов билдирди. Анын айтымына караганда, китептин мукабасы калың булгары менен тышталып, сапаттуу кагазга 2000 нуска менен басылган. 1000 китепте Куран жалаң кыргыз тилинде болсо, жарымында араб тилиндегиси кыргызча котормосу менен берилген. Курандын котормосун  Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садыбакас Доолов жана Садык Гавай 2006-жылы которгон. Алардан уруксат алып, кайрадан Түркия Дин иштери башкармалыгынын жардамы менен басылып чыккан. Маалыматтарга караганда, эч кандай оңдоо-түздөөлөр киргизилген эмес. 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.