Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

“Алтын көпүрө” өлкөлөр ынтымагын арттырат

Маданият
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
562
 “Түркэл” эл аралык жана “Алтын көпүрө” евразиялык журналдарынын башкы редактору Рамиз Мешедигасанлы кесиптешим менен кезигип, жаңылыктарды ортого салдык. 
Бул журналдарды 15 жылдан бери Кыргызстанда чыгарып келаткан улуту азербайжан Рамиз Мешедигасанлы жана Хакима Халилова журнал беттеринде кыргыздын каада-салтын, маданиятын, тарыхын, күнүмдүк жашоо-турмушун, өнүгүп-өсүүсүн чагылдырып, бүткүл Европа, Азия өлкөлөрүнө таратып келишүүдө. “Биз 15 жыл мурда Кыргызстанды тандап алганбыз. Ушул жылдардын ичинде Кыргызстан жөнүндө өтө көп маалыматтарды түрк, орус, англис жана азербайжан тилдеринде жазып келдик. Ушул учурда эле “Манас” радиосу аркылуу ар түрдүү улуттардын үнүн чагылдырып, алардын жашоо-турмушун угузуудабыз. Бизге көптөрү таң калуу менен “эки жолу революция болгон, дайыма бир пикирге келбеген Кыргызстанда кантип иштеп жүрөсүңөр?” деп сурашат. Биз болсо дүйнөдөгү эң демократиялуу, эркин жүргөн, оюңду ачык айтууга мүмкүн болгон жер Кыргызстан, анын эли кайсы жолду тандаса, бийлик да ошол жолго барат, андыктан эли толеранттуу деп айтабыз.
Жакында эле “Алтын көпүрө” журналына Түркиянын маданий очогу болгон Эски-Шехир шаары жөнүндө жазып, орус тилинде кыргыз журтчулугуна тараттык. Атайын санды Казакстандын маданий борбору болгон Түркстан шаарына дагы арнаганбыз. Эми 2017-жылдын башында биз атайын бир санды II Бүткүлдүйнөлүк   көчмөндөр оюнуна арнаганы жатабыз. Дагы бир жаңылык – жаңырган 2017-жылдын 15-январында “Алтын көпүрөнүн” англисче аталышында маалымат агенттигин ачканы турабыз. Бул үчүн дагы Бишкекти тандап алдык. Анткени биз Кыргызстанда башат алдык, журналдарды чыгардык, көп досторду таптык, бул жерде бизди урматтап, сыйлашат. Маалымат агенттигиндеги жаңылыктардын баары Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жөнүндө болот жана ал бардык түрк, кыргыз, казак, өзбек, азербайжан, англис, орус тилдеринде чагылдырылат. Жаңы жылда Кыргызстанга тынчтык, байгерчилик жашоону, элине аман-эсенчиликти өзүмдүн жана “Түркэл” коомдук фондунун жетекчиси Хакима Халилованын атынан каалап кетмекчимин”,- деди Рамиз Мешедигасанлы.
Арабызда билинбей, бирок ат көтөргүс иштерди жасап, журналистиканын түмөн-түйшүк жолдорун басып, жакшылыктардын жарчысы болуп келаткан азербайжан досторубуздун ишине биз да ийгиликтерди кааламакчыбыз.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.