Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Акындын «Ызгаардагы ыры"

Маданият
28 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
156
25-январь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында белгилүү акын Мирлан Самыйкожонун «Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен болуп өттү. Жүздөгөн поэзия сүйүүчүлөрү кечеге келип, залга батпай калды. Мирлан Самыйкожо өзүнүн кечесин кыргыз поэзиясынын атактуу өкүлдөрүнө арнаган ыры менен ачты. Андан ары Ата Журт, анын көйгөлөрүнө арналган атуулдук ырлары менен улантты. Лирикалык ырларын окуган учурда Э.Иманалиев обон чыгарган акындын “Балкыма” ыры коштолуп ырдалып турду. Ошондой эле кыргыз элинин белгилүү төкмө акындары Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев Мирлан Самыйкожонун атуулдук ырларынан окуп берди. Акындын ар бир окулган ыры дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду. Кечеде обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошев М.Самыйкожонун сөзүнө жазылган “Коштошуу” деген ырын аткарып берди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу