Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Акын Карбалас Бакировдун поэзия кечеси өтөт

Маданият
08 - Май 2018
www.erkintoo.kg
42
Акын Карбалас Бакировдун автордук поэзия кечеси 11-майда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде өтөт. Мында акындын калеминен жаралган ырлары окулат.   Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Карбалас Бакировдун “Илинген ирмемдер” китебинин бет ачары менен коштолот. Акын  "Адашкан кентавр", "Коргондогулар жана чексиздик", "Көкүлчөн кыялдар" аттуу  ыр жыйнагынын автору. КРдин президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Түрк тилдүү өлкө акындарынын Түркияда өткөн фестивалдарынын бир нече жолку катышуучусу.  Карбалас Бакиров котормочулук менен да алектенет. Ал көптөгөн акындардын ырларын кыргызчалаган.  Учурда “Эркин Тоо” газетасынын Маданият бөлүмүн жетектейт. Андыктан  акындын күйөрмандарын Ош шаарында өтө турган ыр кечеден  күтөбүз. Төмөндө акындын калемине таандык “Балдар” ырын сунуштайбыз.
 БАЛДАР
Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Талаанын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар,
Өтүнөм, жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу