Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Актёр А.Мурадиллаев операциясына чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшайт

Маданият
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
389
Актёр Азиз Мурадиллаев боорун алмаштыруу боюнча операция жасатпай турганын билдирди.  Анын айтымында, биринчи операциясы Москва шаарындагы хирургия борборунда болуп, андан соң Бишкекте дарыланган.  Мындан бир нече күн мурда Түркияга дарылануу үчүн учуп кетип, ал жерден дарылануу курсунан өткөн. Ошондой эле, ал Индиядан келген препараттарды да колдонгон.
«Керемет болду. Дарыгерлер операция кылуунун кереги жок деп билдирди, себеби боор өзү жаңыланып жатыптыр. Анализдердин жыйынтыгы операция жасоонун зарылдыгы жок экенин көрсөттү» - деп билдирди Ассоль Молдокматова.
Актёрдун операциясы үчүн жалпы 20 миң доллар каражат чогулган. Анын ичинен 8 миң доллар дарыланууга сарпталган. Жыйында Азиз Мурадиллаев каражат жактан жардам берген бардык кыргызстандыктарга жана өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирип, калган каражат кайрымдуулукка жумшарын билдирди. Оор дартка кабылган актёр Мурат Мамбетовдун уулу Нурдан Мамбетовго жана Урматбек Бөлөкбаевге Кытайда дарылануусуна которулары маалымдалды. Коомчулукта А.Мурадиллаев «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.