Курс НБ на 25.05.2018 $68,2348 €80,0224

Аксай Мукамбетов ырдайт

Маданият
27 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
40
 "Жеңиш" күнүнө карата,  8-майда Кыргыз улуттук филармонияда  согуш жылдардагы ырларды таланттуу ырчы  Аксай Мукамбет уулу ырдайт.   Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.  Аксай эстрада багытындагы чыгармаларды аткарып, угарман журтуна таанымал.  Аны менен катар “Музаман” тобунун курамында ырдайт. Аксай Мукамбет уулу, Нарындын Ат- Башы районунун Талды - Суу айылынан болот.  Ал  Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.  Аксай бардык мекендештерин Жеңиш майрамы менен куттуктап, концертке чакырат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу