Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Академияга Шэньсий университетинен өкүлдөр келишти

Маданият
13 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
175
Бүгүн, 12-декабрда КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Шэньсий педагогикалык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга Шэньсий педагогикалык университетинин мугалимдери келген. Университеттин тарых факультетинин деканы  Хы Джилун  Кытайда кыргыз борборун, ал эми Кыргызстанда кытай борборун ачуу, Кыргызстандын илимпоздору, жаш окумуштуулары менен биргелешип кызматташуу, тажрыйба алмашуу боюнча сунушу менен келгендигин билдирди. Академик М.С. Джуматаев Борборду Кыргызстанда да, Кытайда да ачууга, кытай өкүлдөрүнүн сунуштарына көмөктөшүүгө даяр экендигин айтып: “Кыргызстандын тарыхы боюнча материалдарды, китептерди, журналдарды чогултууга жардам беребиз. Кыргыз борборунун Кытайда ачылышына кызыкдарбыз жана колдойбуз. Кыргызстанда да Кытай борборунун ачылышына колдоо көрсөтөбүз” – деди ал.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.