Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

“Ак илбирске” ат салышкандар аныкталды

Маданият
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
397
“Ак илбирске” ат салышкандар аныкталды. Үстүбүздөгү жылы VI ирет өтүп жаткан “Ак илбирс" кино сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи 14-апрелде "Манас" кинотеатрында өткөрүлөт.
“Мыкты фильм”:
1. “Атанын керээзи” тасмасы;
2. “Мунабия” тасмасы;
3. “План Б” тасмасы.
"Мыкты режиссёр":
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу ("Атанын керээзи");
2. Нурлан Абдыкадыров ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Таалайбек Кулмендеев ("Мунабия").
"Мыкты сценарий":
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу ("Атанын керээзи");
2. Таалайбек Кулмендеев ("Мунабия");
3. Жеӊиш Майрамбек уулу ("План Б").
"Мыкты оператор":
1. Акжол Бекболотов ("Атанын керээзи");
2. Сапар Койчуманов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Марс Умаров ("Мунабия").
"Мыкты сүрөтчү":
1. Урмат Осмоев ("Атанын керээзи");
2. Байыш Исманов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Абылкасым Исмаилов ("Мунабия").
"Мыкты композитор":
1. Мурзалы Жээнбаев ("Кыргыз-казак бир тууган");
2. Мурзалы Жээнбаев ("Мунабия");
3. Ролан Сейитбеков ("План Б").
"Мыкты үн режиссёру":
1. Керимбек Өмүркожоев, Нурлан Разакулов ("Атанын керээзи");
2. Нурлан Разакулов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Калыбек Шерниязов ("Мунабия").
"Мыкты монтаж":
1. Актан Рыскелдиев - ("Атанын керээзи");
2. Элдияр Мадаким ("Мунабия");
3. Элдияр Мадаким ("План Б").
"Мыкты эркектин ролу":
1. Иман Мукул ("Атанын керээзи");
2. Назым Мендебаиров ("Мунабия");
3. Назым Мендебаиров ("Кыргыз-казак бир тууган").
"Мыкты аялдын ролу":
1. Айжан Аденова ("План Б");
2. Жамиля Сыдыкбаева (Бажарики");
3. Мээрим Атантаева ("Мунабия").
"Мыкты даректүү тасма":
1. "Жашыл жазда кыялдарым", режиссёру Аман Ажымат;
2. "Каратегинден кат", режиссёру Жаӊыл Жусупжан;
3. "Спасибо, доктор", режиссёру Адилет Каржоев.
"Мыкты кыска метраждуу тасма":
1. "Дүбүрт", режиссёру Бектурган Кундузбеков;
2. "Мелдеш", режиссёру Акыйкат Аскаров;
3. "Олжо", режиссёру Болсунбек Таалайбек уулу.
“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 16 номинация боюнча сыйлык тапшырылып келет.
Нур БАЛБАК

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.