Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Айтматовго арналган кече өтөт

Маданият
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
25
13-июнунда саат 14: 00дө Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган гуманист Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси өтөт. Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын таралышынын географиялык картасынын бет ачары болот. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, “Сахна” театры тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлүп, обончу Сыймык Бейшекеевдин жазуучуга арналган ырлары ырдалат.
  Эскерүүгө Президенттин аппаратынан, Өкмөттүн аппаратынан, Жогорку Кеңештин, министрликтердин өкүлдөрү, Түркия, Азербайжан, Иран, Япония, Түштүк Корея, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин элчилери катышат.                                                         
        Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу