Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

Айтматовдун мааракеси жогорку деңгээлде өтүшү керек

Маданият
12 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
77
Быйыл залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Эл арасында мааракеге даярдыктар начар жүрүп жатат дегендей пикир жаралууда. Ошондуктан, мааракеге даярдык көрүү иш-чараларын күчтөндүрүүгө тийишпиз. Мындай оюн депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.«Бир топ чет өлкөлөрдө көчөлөргө Айтматовдун ысымы ыйгарылып, анын чыгармачылыгына арналган иш-чаралар байма-бай өтүүдө. Элчилер мындай чараларды дагы арбытууга тийиш. А, биздечи? Бизде андай иштер анчалык байкалган жок. Мисалы, жазуучу туулган Шекер айылында «Шекер-Ордо» комплекси курулмак, азыр анын абалы жөнүндө так маалымат жок», - деп кошумчалады эл өкүлү. Эске салсак, өлкөнүн Маданият маалымат туризм министрлиги  тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирип келет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.