Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир топ фильм тартылууда

Маданият
25 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
90

Бул тууралуу Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Айсулуу Субаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, "Ак кеме" киносунун негизинде жаңы тасма тартылууда. "Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кыргызфильм" киностудиясынын планында үч тасма тартуу каралган. Толук метраждуу тасма болуп "Ак кеме" тасмасынын негизинде "Шамбала" аттуу кино тартылууда. Тасманын тартууга белгилүү режиссёр Артык Сүйүндүков агай бел байлап, ушул тапта тартуу иштери уланууда. Андан сырткары, жай мезгилинде да Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, Россия кино күндөрү өткөн. Аталган жумалыктын бет ачар тасмасы болуп "Биринчи мугалим" көрсөтүлгөн",- деген Субаналиева маек учурунда. (ЖК)



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу