Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Айтматов баалуулуктары унутулбайт

Маданият
13 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
24
Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын окуучулары тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Концерт  Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан театралдаштырылган  үзүндүлөр коштогон иш-чара 600гө жакын окуучунун катышуусу менен даярдалды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.  Мында Айтматовдун чыгармалары жана  өмүр дүйнөсү жалпы адамзатка үлгү катары калганын, ал баалуулуктар эч качан унулбасы тууралуу баса белгиленди.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу