Курс НБ на 18.01.2019 $69,8493 €79,5968

Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоого 500 миң сом бөлүндү

Маданият
19 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
61
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга арналган иш-чараларга байланыштуу чыгымдарга 500 миң сом бөлдү. Мында  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан «Кыргыз Биримдиги» Тынчтыкты, достукту жана улуттар аралык өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө аракеттешүү Аймактар аралык коомдук уюмуна Москва шаары, Миклухо-Маклай көчөсү, 10/2, аудитория № 629 дарегиндеги Россия эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоо максатында 500 миң сом бөлүндү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу