Курс НБ на 19.06.2018 $68,3208 €78,9344

Айтматов - адамдарды жаратмандыкка чакырган

Маданият
14 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
17
13-июнда Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду. Эскерүү кечесин ачып жатып УИАнын президенти, Мурат Джуматаев улуу жазуучунун чыгармачылыгы, философтугуна токтолду. Айтматовдун ааламдашууга, рыноктук мамилеге, демократияга киришүү жөнүндөгү ойлору, аларды өз чыгармаларында каармандардын тагдыры аркылуу түшүнүктүү кылып жазгандыгы көп кишилерди кайдыгер калтырбай, ой казынабызга кошулду. Чыңгыз Төрөкулович өмүрүнүн акыркы жылдарында Улуттук илимдер академиясына кандайдыр бир коркунуч туулушу мүмкүн экендигин сезсе керек. Академиктер менен жолугушуп, илимдер академиясынын мамлекет үчүн өзгөчө орду бар экендигин, өз ордун табышын каалаган эле. Ошондуктан, илимдер академиясынын жамааты Айтматовдун чыгармаларындагы адамды жаратмандыкка үндөгөн керээзин эсине сактаарына, аны ишке ашыраарына ишенем”, - деди жетекчи.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу