Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

“Айтматов ааламы” көргөзмө-сынагы Сүрөт өнөр музейинде өтүп жатат

Маданият
12 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
27
2018-жылдын 8-июнь күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жаш сүрөтчүлөрдүн “Айтматов ааламы" көргөзмө-сынагы өз эшигин ачты.
Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90  жылдыгын  улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында Кыргызпатент тарабынан уюштурулду. Көргөзмөнүн ачылышында Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева “Айтматов ааламы Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларында” аттуу альбом-каталогду тартуулап, катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Каталогдун биринчи бөлүмүнө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин фонддорундагы коллекция кирген. Каталогдун экинчи бөлүмү Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгына арналган. Иш-чарада Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кенештин депутаты Тазабек Икрамов, Президенттин Аппаратынын өкүлү Мира Карыбаева, музейдин директору Юристанбек Шыгаев Кыргызпатентке жана жаш сүрөтчүлөргө ыраазычылык билдирди. Көргөзмө-сынакка жаш сүрөтчүлөрдүн ар кайсы жанрдагы, түрдүү тематикадагы эмгектери 27-июнга чейин коюлду. Көргөзмөнүн ачылышында жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар жана атайын сыйлыктар ыйгарылды. Жалпысынан сынакка өлкөбүздүн бардык аймактарынан 80ге жакын жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.
Айтурган Кудайбердиева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу