Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

“Айтматов ааламы” аттуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-сынагы жарыяланат

Маданият
27 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
342
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу
“Айтматов ааламы” аттуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-сынагын жарыялайт
         Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган  “Айтматов ааламы” сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-сынагына таланттуу, креативдүү чыгармачыл  сүрөтчүлөрдү  катышууга чакырабыз.
         Сынакка орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери, студенттик жамаат, жаштар уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле көркөм-сүрөт искусствосуна, чыгармачылыкка кызыккан Кыргыз Республикасынын бардык жаштагы сүрөтчүлөрү  катыша алат.
         Көргөзмө-сынакка катышууга төмөнкүлөр керектелет: эмгектер сырттан тандалынып алынат. Көргөзмөлүк эмгектер жана каталогго кирүүчү материалдар электрондук түрдө, JPEG  (JPG) фарматында 400х400  пикселден кем эмес электрондук түрдө электрондук почтага же басылган кагаз түрүндө почтага (сүрөттөр 10 х 15 см. кем эмес көлөмдө) жиберилиши керек. Сүрөттөр жогорку сапатта болушу тийиш. Сүрөттөн сырткары автордун аты-жөнү, туулган күнүнүн датасы, эмгегинин жасалган убактысы жана көлөмү, эмгектин материалы жана техникасы, кайсы көргөзмөлөргө катышкандыгы тууралуу маалымат каты керектелет.
         Көргөзмө сынактын жеңүүчүлөрүнө Грамота, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Иштер 2018-жылдын  25-мартына  чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720049, Бишкек шаары, 11-кичирайон, 10/1 үй  же MicrosoftOffice 2007, Taimes New Roman шрифти, 12-кегль, 1,5 интервал менен d.akjol@patent.kg  электрондук дарегине жөнөтүү керек.
          
Толук маалыматты www.patent.kg  сайтынан алууга болот.
 
Байланыш телефондор (0312)  52-08-07; 52-12-47;
(0777) 98-98-93, (0553) 18-81-93


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.