Курс НБ на 24.02.2018 $67,9355 €83,4248

Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият
24 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
61
Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленерин Sputnik маалымат агенттиги жазышты. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищеде СССРдин эл артисти, атактуу балерина Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдыгына карата салтанаттуу концерт өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. 1966-1995-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партиялары бар.
1995-жылдан бери Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп иштеп келет.
Министрликтин маалыматында концертке улуу таланттын өзү да келе турганы айтылат. Салтанат 1-февраль күнү саат 15.30да башталары белгилүү болду.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу